www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко президенттик шайлоо жана референдум боюнча 61 мыйзам бузуу фактысы түшкөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтун мүчөсү, БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, ар бири кайрылууга тийиштүү көңүл бурулуп, бирөө дагы көз жаздымында калган жок.
"61дин ичинен 39у Ички иштер министрлигинин маалыматтарды каттоо китепчесине катталды, 10у Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, бирөө башкы прокуратура тарабынан аныктама түзүлгөн, алтоо БШК жана аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган, бирөө Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен жооп келген, алтооно аймактык шайлоо комиссия текшерүү жүргүзүүдө", - дейт ал.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg