www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы Орусия Федерациясына караштуу Чеченстан Республикасында Куранды өрттөгөн Никита Журавел 3 жарым жылга эркинен ажыратылды.

Чеченстандын борбору Грозныйдын Висаитовский шаардык сотунда өткөрүлгөн сот отурумунда Курани Каримди өрттөгөн Журавел "адеп-ахлактык баалуулуктарды кемсинткен жана коомдук тартипти бузган" деп айыпталды.

Сот 20 жаштагы Журавелди 3 жыл 6 айга эркинен ажыратууну чечти.

Журавелдин адвокаты Юлия Антонова соттук отурумдан кийин журналисттерге берген билдирдүүсүндө, өкүмгө каршылык көрсөтө тургандарын айтты.

Никита Журавел май айында Орусиянын Волгоград шаарындагы мечиттин алдында Ыйык Куранды өрттөгөн деген жүйө менен кармалып Чеченстанга жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости