www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоорун 54 депутат колдоду, каршы добуш бергендер болгон жок. Депутат Гуля Кожокулованын («Бүтүн Кыргызстан») айтымында, мыйзам долбоору Адахан Мадумаров тарабынан 2023-жылдын июль айында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору өзгөчө статуска ээ аймактарда, бийик тоолуу, барууга кыйын алыскы аймактарда жашаган 14 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө социалдыкэкономикалык колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Анын максаттарынын бири — бул аймактардагы тышкы жана ички миграциянын деңгээлин төмөндөтүү болуп саналат.

«Мындай айылдар көп эмес, булар негизинен Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарында. Жашы жете электер үчүн айына 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул бар.Мындай сумма менен балдарды багуу абдан кыйын», - деди Кожокулова.

Ал бул демилгени депутаттар Камила Талиева жана Марлен Маматалиевдер демилгелеген концепциясы окшош мыйзам долбоору менен бириктирүүгө даяр экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости