www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакын досун болгуча, жакшы итин болсун! Курбумдун көрө албастыгы мени бактысыз кылды!
Жашоодон бир жолу жаңылган бир өмүр келечегиңе балта чабыларын мурдараак билсем гана . Эркелигимден ата энемдин кой кызым дегенине карабай, оюн зоок деп досторум менен жүрө бердим .

Ошентип жүрүп Айбек аттуу бир жигитке туш болдум. Балбылдаган кара көзү менен өзүнө тартып алды. Жаштык кылдымбы же мастыкпы айтоор анын куурчагына айландым. Башында менин айтканым болуп, сүйүүсүн арнап жүрдү. Бирок бул көрүнүш көпкө узаган жок. Анткени жан дүйнөм менен берилип сүйгөн сүйүктүүм көздөгөн максатына жетип, менин келечегиме балта чапты. Мени сүйөт деген чоң үмүтүм бир заматта таш талканы чыкты. Арадан зымырап убакыт өтүп, Айбектен бир балалуу болдум. Бирок Айбек бизге бир бут басып келген жок. Ал менден кол үзүп кетип бара жатып, "бактылуу бол, сени көрө албагандар көп" деп мени сүйбөстүгүн айтып, бирөө мени татаал жошоодо калышымды каалаганын айтып жана мен бактысыз болсом ал жашоодон ырахат аларын айтып, Айбекке акча сунуштап менин жашоомду тозокко айлантканын айтты да басып кетти...

Ким десем айтпай, сырдын түйүнүн билем деп издебегин эгер элге уят болгуң келбесе тынч жаша деген сөзү менен аяктады да, артын карабай көздөн кайын болду. Сүйөм деп жүргөн Айбектен мындайды күтпөгөн жаным үнсүз олтуруп кала бердим. Болуп өткөн​ окуялардан ата энем кабардар болуп мендей кызы жок экендиктерин айтып үйдөн чыгарып коюшту. Ишенчээктигим, эркелигим өзүмдүн башыма муш болгонун ошондо гана сездим...

Бирок мага азап берген адамдар жазасыз калышкан жок. Менин кыйналганымды ким каалады экен деген суроо менен 7 жыл жашап келген болсом 7секунда ачыкка чыкты. Белгисиз адам телефон чалып, болуп өткөн окуяларга жакын курбум Назиранын каалоосу менен болгонун айтып, менин ал кайда ким менен деген суроолорумду жоопсуз калтырып, телефонду өчүрүп койду. Ошондон кийин жакын курбумду издеп , эмне үчүн мындай болушун сурагым келип таппай жүрөм.

Эгер менин жазганымды окуган болсо, мага өзү келишин каалайт элем . Мен сага капа эмесмин анткени сен мени кыйын кырдаалга салдым деп кубанып жүргөн болсоң , мен бул жашоодо ар бир адамга ишенич артуу мүмкүн эмес экенин түшүнүп жеттим ...!

Фейсбуктагы "Бактылуу болгум келет" тайпасынан алынды:

Булак:NazarNews.kg

Последние новости