www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15 жаштагы кыздын боюнда болуп калганы боюнча факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу  Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Он алты жашка чыга элек адам менен сексуалдык аракеттер” беренеси боюнча жүргүзүлүп жатканы көрсөтүлгөн.

“Милицияга жашы жете элек бейтап тууралуу билдирүү 6-декабрь күнү саат 13:30 чамасында келип түшкөн. Кыз 15 жашта. Милиция өспүрүмдүн ата-энесин суракка алууда, иштин бардык жагдайлары текшерилүүдө”, – деп билдирди ШИИБ.

Эске салсак, Ош шаарында 15 жаштагы кыздын боюнан түшүп калган. Өспүрүм Ош облустук төрөт үйүнө кансырап жаткырылган. Түйүлдүккө 16-17 жума болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости