www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги Корея Республикасы жана Борбор Азия достук ассоциациясы тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү "Борбор Азия-Корея Республикасынын достук күнүнө" арналган иш-чарага катышты.

КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, иш-чара онлайн жана офлайн форматында "COVID-19га каршы күрөшүү" темасында өттү.

Кыргызстандын элчиси Динара Кемелова өз сөзүндө азыркы реалийлерди эске алуу менен теманын актуалдуулугун баса белгилеп, бардык тараптарды биргеликте иш алып барууга чакырды. Ошондой эле COVID-19га каршы күрөшүүдө тажрыйба менен алмашууга ишеничин билдирди.

Экинчи сессиясынын жүрүшүндө Борбор Азиядан 5 мамлекеттин эксперттери, ошондой эле Түштүк Кореянын СОVІD-19 тармагындагы адистери презентациялар менен чыгышты.

Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эл аралык мамилелер департаментинин башкы адиси А.Осмонов презентация жасап, анда Кыргызстандагы учурдагы COVID-19га байланыштуу абал жана ага каршы күрөшүү ыкмалары жөнүндө айтып берди.

"Элчи Кемелова Корея Республикасынын Парламентинин мүчөсү Ким Кван, фармацевтикалык компаниялардын, фонддордун, саламаттык сактоо тармагындагы илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен кыскача сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, пандемияга каршы күрөшүү жаатында кызматташуу тууралууу талкуулар болуп өттү", - деп айтылат маалыматта.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости