www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финпол: Эсеп палатасынын инспекторун кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Эсеп палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча инспекторун (А.К.) кармады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ал бюджеттен 13 миллион сомго жакын каражатты кымырып алган деп шек саналууда.

Кармалган инспектор Ош шаардык сотунун 7-декабрдагы чечими менен Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Буга чейин ушул эле иш боюнча сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө "С.Т." жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси (P.T.) кармалган.

2-декабрда Финансы полициясы Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы сөз болуп жаткан ЖЧК менен Ош шаарындагы Кең-Сай турак жай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, жалпы суммасы 42.9 миллион сомдон ашуун каражат которгону аныкталганын билдирген. 

Бирок Кең-Сай конушунда жол курууда 13 миллион сомдук курулуш иштери аткарылбай калганы аныкталган. Финпол Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен келишим түзгөн ишкананын кызыкчылыгын коргогон чиновниктер аныкталганын, бюджетке келтирилген чыгымды кайтаруу иши жүрүп жатканын билдирди.

Жергиликтүү бийлик 2010-жылы жер басып алууларды токтотуу үчүн Кең-Сай массивинен жер тилкелерин элге берүүнү чечкен. Жалпысынан 10 миңден ашуун адамга жер бөлүнүп берилген. Конуштагы шарттарды түзүү үчүн 10 миллиард сом каражат кетери айтылган. Анын ичинен 1 миллиард сомго жакын акча бөлүнүп, ал да максаттуу пайдаланылбай калган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости