www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан алакандай мамлекет болгондуктан арада болгон орчундуу окуялар коомчулукка бат эле тарап кетет. Айрыкча ырчылар тарабындагы келишпестик, тез жайылып, калк арасында “дүң” эле дей түшөт.
Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, белгилүү ырчы айымдардын бири экинчи аткаруучу айымды келип сабап салган имиш.
Башынан баштайлы:
Ар дайым долбоорлор менен иштеп жүргөн аткаруучу айым, тарсылдаган, бетке чаап сүйлөгөн, ырчы айымдын күйөөсүнө телефон чалып, “жолугалы, 5 миң доллар берип турчу”, деп кайра-кайра кылтаңдап, куйругун шыйпаңдатып жазып жана жеке телефонуна чала берип тынчын ала берген экен, аны билип калган аялы келип, аткаруучу айымды чачтан тартып, далыга төпөштөп, сазайын бериптир.
Аткаруучуну төпөштөгөн ырчы, өз мезгилинде канчалаган жигиттердин шилекейин чуурткан, учурда эки кыздын энеси, үчүнчү наристесин күтүп жаткан мыкты айым. Шоу бизнестен алыстаганы менен эч кимден “элчилеп” акча сурап, өзүнүн атын чыгарбаган жеке бизнесте өзүн көрсөтө алган кыргыздын тың чыкма кыздарынын бири.
Ошентип, “акча сурай берип көнүп калган аткаруучуну ырчыны күйөөсүнө экинчи телефон чалгыс кылып ордуна коюптур.
Булак: NazarNews.kg