www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында турак үй өрттөнүп, анын кесепетинен 5 жаштагы жана 3 жаштагы 2 бала каза болду. Алардын туугандарынын бири Бахрам аймактык кабарчыга жабыр тарткан үй-бүлө тууралуу айтып берди деп жазат Турмуш сайты.

Анын айтымында, кырсык кечээ, 21-августта эртең менен болгон. «Жаман окуя болду. Азыр ата-энеси шок абалда, аябай жаман болуп жатышат. 50 жаштагы атасы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, кант диабети менен ооруп, жакшы баса албай калган. Кара жумушка такыр жарабайт. Короосуна 3-4 баш кой багып, кичине азык-түлүк алып, аларды кайра сатып оокат кылышчу. Аман калган улуу баласы 17 жаштарда. Токмокко Бишкектен 10-15 жыл мурун көчүп барышкан. Кырсык болгон күнү айт намазга жана башка жумуштарга кетишиптир», - деди ал.

Токмок шаарындагы үй өрттөнүп, 2 бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардагы Ибраимов көчөсүндөгү үйдөн чыккан. Анын кесепетинен 95 чарчы метр турак жайдын 2 бөлмөсү, үй тиричилик буюмдары күйүп, 5 жаштагы Р. уулу Х. менен 3 жаштагы Р. уулу Н. каза болгон. Өрттүн чыгышына балдардын от менен байланышкан шоктугу себеп болгон.

Аталган үй-бүлөгө жардам берем дегендер 0775 42 22 06 номуруна чала алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости