www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качкын президент Курманбек Бакиев “Жаңы ордо” гезитине берген маегинде анын 2010-жылы бийликтен кетишинин артында Владимир Путин менен Орусия турганын жарым-жартылай ырастады.

Журналист: Белгилүү дипломат Бакыт Бешимов “Бакиевдин бийлигин карапайым эл менен Владимир Путин кулатты” деп айтканы бар. Ушул убакка чейин мамлекеттик төңкөрүштүн артында Орусия турган дешет. Бул маалыматка ишенсе болобу?

Курманбек Бакиев: Бул сөздөр чындыкка жакын... Себеби, өзүңөр билесиңер, өлкөдө тынымсыз митингдер өтүп жатты. Биз өзүбүз митингдерди эч качан таркаткан эмеспиз. Оппозиция көп жолу митинг менен аянтка чыгып, нааразычылыгын билдирген. Ал эми бул митингдердин баарында аларга эч качан ок тийген эмес, эч кандай күч колдонулган эмес. Ал эми 2010-жылдын 7-апрелинде “Ак үйдүн” жанында митингчилер өздөрү курал колдонбосо, аларга жооп ирээтинде ок атылмак эмес.

Эске салсак, 2016-жылы Курманбек Бакиев 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында адамдарды массалык түрдө өлтүргөн деп сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости