www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев “Жаңы ордо” гезитине кайрадан маек берди. Ал, эгерде анын иши боюнча тергөөчүлөр Минскиге келишсе, алар менен жолугушууга даяр экенин билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу сөз “Жаңы Ордо” гезитинин журналисти Кыргызстандын экс-премьер-министри Азим Исабеков менен Минскиде жолукканынан улам чыкты. Ал 2007-жылдын башында өкмөттү жетектеп, Курманбек Бакиевдин кадрларынын бири болгон.

Бакиевдин айтымында, Алмазбек Атамбаев аны премьер-министрликке дайындоону суранган. Экс-президенттин айтымында, Атамбаев премьер-министрлик креслодо бир аз гана калып, бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болорун убада кылган. Акырында Бакиевди аны премьер-министрликке даындаган.

"Бир нече убакыт өткөндөн кийин мен аны кечки алты-жетиден кийин Ак үйдөн таппай калып жаттым. Мен ал кайда деп баарынан сурасам, үйүнө кетти деп жооп беришчү. Президент иш ордунда, ал эми премьер кетип калганы кантип болсун?", - деди Бакиев. .

Эки айдан кийин, качкын президенттин айтымында, Атамбаев өзү кызматтан тажагандыктан, анын отставкасын суранган. Бакиевдин айтымында, “Атамбаевдин жүзүн сактап, шерменде кылбашы үчүн” аны калып, ишин улантууга көндүргөн. Атамбаев бул кызматта 2007-жылдын аягына чейин иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости