www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада дагы бир кыргызстандык каза болду

Дагы бир кыргызстандык Мирлан Тохтахунов Украинадагы согуш жүрүп жаткан жерде каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, ал согуштук тапшырманы аткарып жатып каза болгон. Мирлан Тохтахунов Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн контракттык жоокери болгон.

Буга чейин Кыргызстандын алты жараны: Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифуллин, Исламжон Камилов, Сыргакбек Өзүбеков, Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов Украинадагы согуштук аракеттерде курман болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости