www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни өлтүргөн деп кармалган 41 жаштагы Тецуя Ямагами тергөөчүлөргө өзүнүн ишинин себептерин айтып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Ок чыгарган адамдын айтымында, экс-премьер Синдзо Абэ анын үй-бүлөсүн олуттуу каржылык кыйынчылыктарга дуушар кылган белгилүү бир "адамдар тобуна" таандык болгон. Анын айтымында, анын апасы топко чоң кайрымдуулук кылып, үй-бүлө кыйынчылыкчыктарга дуушар болгон.

Кайсы “адамдар тобу” жөнүндө сөз болуп жатканы тактала элек. Бул ишти иликтеп жаткан Нара префектурасынын полициясы да бул темага комментарий берүүдөн карманып, муну тергөөнүн кызыкчылыгы деп түшүндүрдү.

Ошол эле учурда япониялык Asahi Shimbun гезитинин жазганына караганда, ок чыгарган Тецуя Ямагами сурак учурунда "экс-премьер Абеге эч кандай саясий душмандыгы" жок экенин айткан.

Эскерте кетсек, Синдзо Абэ 8-июлда өзүнүн Либералдык-демократиялык партиясын колдоп сөз сүйлөп жатканда ага карата эки жолу ок атылган. Бир нече убакыттан кийин саясатчы өзүнө келбей каза болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости