www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маршруттук таксиде кыздарга жана аялдарга ыдык көрсөткөн адам табылып, 5500 сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул факты боюнча "Майда бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү 1993-жылы туулган К.Р. экендиги аныкталган. Ал эми 8-июлда Октябрь райондук сотунун чечими менен К.Р.га 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин №164 кичи автобустун жүргүнчүлөрүнө белгисиз адам ыдык көрсөткөнү тууралуу кабар тараган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости