www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргызстанда беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 8-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешинин кезектеги отурумунда белгилүү болду.

Отурумда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баяндама жасап, доклад кеңеш мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Жолугушууда илим тармагын реформалоо, өлкөдөгү илимий изилдөөлөрдүн санын жогорулатып, сапатына басым жасоого багытталган конкреттүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет. Алар:

- Кыргыз улуттук университети;

- Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

- Кыргыз агрардык академиясы;

- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;

- Ош мамлекеттик университети.

* Кыргыз экономикалык университетине (КЭУ) "илимий изилдөө университети" макамы ыйгарылат;

* эми Улуттук илимдер академиясы жогорку окуу жайлар менен интеграцияланып, илимий изилдөө иш-чараларын жүргүзөт, тагыраагы, ЖОЖдордо илимий изилдөөнү жүргүзүүгө өзгөчө басым жасалат;

* мындан ары илим тармагын бир гана Билим берүү жана илим министрлиги жөндөйт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости