www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Роза Отунбаеваны, "Отунбаева “самозванка” деп, белгилүү саясатчы А.Мадумаров абдан туура айткан экен. Ошол убакта “апчибиздин” кошоматчылары Мадумаровду ит талагандай талашкан. Убакыттын өтүшү менен Роза Отунбаева жана УӨ мүчөлөрүнүн кимисинин ким экени байкалып калгандыктан Алмазбек Атамбаев акырын сасяаттан көчүлүгүнүн изин тазалады.
Убактылуучулардын сап башында турган Роза Отунбаевада арман деле жок болсо керек. 2010-жылдан кийин чет өлкөдөн вилла сатып алды, ал тургай жөөттөрдүн уюмуна кызмат кылат. Кандуу төңкөрүлүштөн кийин актанып Ак үйдүн алдында туруп алып, элдин алдына АНТ ичкени элдердин эсинен чыкпаса керек... Же антын аткарбады...
Эми бийликтен кур калган ырынан чыры көп, Роза апчибиз, “эки баштуу бийликтен арылышыбыз керек” деп жыйындардын биринде айтса, жаңы партия түзөт экен деген эл арасында сөз тарады.
Дегеле ушул Роза Отунбаевага эмне жетпейт. Акаев, Бакиев бул айымды аяп, аярлап кызматтан көтөргөнү менен жакшылыкты билбегендей эле экен. Демек, Отунбаеваны "саясаттын ыргыта чапкан" Алмазбек Атамбаев көрөгөчтүк эле кылган сыягы. Чындыгында үлкөндөр арасында Отунбаева тууралуу “жарк” этип айтылган жакшы сөздөр деле жок.
Эске сала кетсек, экс-президент Курманбек Бакиев, Роза Отунбаеваны: “Роза Отунбаева - бүлүнткүчөрдүн ичиндеги аялдан чыккан өзгөчө бир түрү. Аял менин түшүнүгүмдө дайыма жаратмандык, сүйүү, акылмандык менен ассоциацияланып келген. Бирок, дал ушул Отунбаева мен үчүн ушак-айыңдарга, чыр-чатактарга байланыштуу бардык терс сапаттар жыйылган, адамдагы эң эле жаман сапат - сатып кетүүчүлүктүн үлгүсү катары туюлат. Сөз бир гана мени сатып кеткендиги жөнүндө болуп жаткан жок. Бул айым үчүн эч кандай моралдык тоскоолдуктар жок. Эгерде олуттуу колдоосу жок болсо, эч качан жете албай турган ушундай бийиктикке чейин өзүн көтөрүп, чыккандардын баарын ал оңой эле сатып кетти: Акаевди, Айтматовду, Шеварнадзени жана алардын катарында мени дагы”, деп эскерет, “Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм –Кыргызстаным” китебинде.
Чын эле Роза Отунбаеванын Кыргызстанга кылган эсте калаарлык кайсы эмгеги бар. 2010-жылдагы июнь окуясында катышы бар экенин эл оозунан түшүрбөй айтып келе жатканын Роза Отунбаевага жакын ачуу чындыкты айткан адамдары айтпай жатабы же.
Роза Исаковна, кыргыз элине быкбырдай кайнаган, саны көп сапаты жок партиялардын жана Сиздин деле керегиңиз жоктой. Кайрымдуулук фондуңуздун акырын ишин жүргүзүп карылыктын доорун сүрүп жата берсеңиз жакшы болмок.
Дегеле сизди саясаттын айдыңынан сүрүп чыгарып жиберген, Алмазбек Атамабаевге деле ыраазычылык... “Балп” эткени менен айтканын аткарган атакебиз “Отунбаеваны камаш керек” , деп атып мөөнөтү бүтүп кетти...
(Жакынкы аралыкта Роза Отунбаева 2010-жылдан кийин кантип байыганы тууралуу макала жарык көрөт)
Булак: NazarNews.kg