www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев бүгүн, 1-августта 71 жашка толду. Бакиев соцтармактагы куттуктоолор үчүн өзүнүн ыраазычылыгын расмий билдирди.

Курманбек Бакиевдин ыраазычылык билдирүүсү төмөндө толугу менен:

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн менен дарегиме  абдан көп каалоо тилектер келип түштү, ошондуктан баарыңыздарга жооп берип коюуну туура көрдүм.

Мен мекенимден алыс болсомда, көп жердеш, тууган урук, достор, мен тааныбаган адамдар ар кандай жолдор менен, ар кайсыл соцтармактар аркылуу мени бүгүнкү туулган күнүм менен куттуктап жатышат. Анын ичинде ырлар, поэмалар, каалоо тилектер, баталар бар! Менин жүрөгүмдү жылыткан, көңүлүмдү көтөргөн мага дем берген жылуу сөздөр үчүн чоң рахмат айткым келет!

Баарыңыздарга аманчылык каалайм, ушул оор күндөрү кыргыз элибиз илдеттен алыс болуп, оруугандар сакайып, үй-бүлөңүздөр менен түгөл саламатта болуңуздар.

Сиздерди терең урматтоо менен Курманбек Бакиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости