www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Курманбек Осмоновду кепке тартып, айрым эки ача пикир жараткан маселелер боюнча пикирин уктук.
-Курманбек мырза, парламенттик, президенттик шайлоону бир күндө өткөрүүгө мыйзам жол береби?
-Кыскартылган мөөнөттөрү боюнча парламенттик, президенттик шайлоону бир күндө өткөрсө болот. Тагыраагы, эки шайлоону бир күндө өткөрүүгө мыйзам жол берет.
-Башта Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша албасы айтылып жаткан. Азыр президенттик шайлоого катышса болот деген пикирлер айтыла баштады го?
-Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, ал милдетти башка адамга мисалы, өкмөт башчынын орун басарына өткөрүп берсе гана президенттик шайлоого барса болот. Тагыраагы, президенттин милдетин аткарып туруп, ал милдетти өзүнөн албай президенттик шайлоого катышканга болбойт.
Булак: NazarNews.kg