www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат, экс-жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновду кепке тартып, ача пикирлерди жараткан айрым маселелерге  жооп алууга аракет кылдык.

--Курманбек Эргешович, кыргыз мамлекети өнүгүшү үчүн сөзсүз эле президенттик же парламенттик башкаруунун бирөөсүн тандообуз шартпы?

--Кеп парламенттик же президенттик башкаруунун формасында эмес, кеп мамлекеттик бийликтин үч бутагынын эффектисиз, натыйжасыз ишинде десек болот. Элге, коомчулукка мамлекеттик башкаруунун президенттик же парламенттик деген эки эле формасы белгилүү экен. Мен президенттик же парламенттик эмес, демократиялык элдик башкаруу формасын сунуштайт элем. Демократиялык элдик башкаруу формасында жалпы мамлекетте  саясий системанын туу чокусуна улуттук  улуу курултайды коюп, мамлекеттик бардык бийлик органдары тагыраагы, президент  баш болуп, курултайда жер-жерлерден  шайланып келген элдин өкүлдөрүнө  жыл сайын алардын алдына отчёт берет. Бул системанын жакшы жери баардык мамлекеттик органдардын иши элдин өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө  болот. Мына ушундай башкаруунун формасына өтсөк, мамлекеттик органдар натыйжалуу  иштейт беле деген ойдомун. Ошон үчүн мамлекеттик башкаруунун элдик демократиялык формасын ушул өңүттө карап көрсөк акшы болмок.

--Курманбек Эргешович, канча жылдан бери эле реформа деген сөздү оозубуздан түшүрбөйбүз.  Бирок, эмнеге канча  жылдан бери болуп  жатат деген реформадан деле эч нерсе өзгөрбөйт?

--Реформа деген өзгөртүү деген сөз. Реформа толук ишке ашыш үчүн жалпы мамлекеттик институттардын баарында комплекстүү түрдө реформа болушу керек. Ошондой эле реформа кылаардан мурда реформанын багыттарын аныктап, ал реформа кимге керек ошону тактап алышыбыз керек. Көп учурда ал маселени койбой туруп, сот, укуктук системаны реформа кылабыз деп ар кандай мыйзамдарды кабыл алып, уюштуруу техникалык маселелердин баарын  аралаштырып жиберип, башаламан кылып алып жатышат. Эң негизгиси адам укугу, адам эркиндиги Кыргызстанда коргонуусу жакшырмайынча, жасадык деген реформадан пайда деле болбойт. Тагыраагы, соттук реформабы же укуктук реформабы Кыргызстандын жарандарынын абалын, укуктарын жана эркиндиктерин жакшыртканга салым кошпосо, курулай эле  реформа болуп  андан  натыйжа деле чыкпай калат. Мамлекет үчүн  деле пайда болбой калат.

--Азыркы мезгилге  президент жооптуубу же премьерби?

--Ар кайсы мезгилде ким бийликте болсо,  тагыраагы, президент же премьер эле эмес, мамлекеттик  бардык бийлик органдарында иштегендердин баары жооптуу болот. 

--Эмне үчүн барган сайын парламенттин кадыры төмөндөп жатат?

--Кыскача айтканда, парламенттин кадыры депутаттардын сапаттык курамына жараша  болот. Парламенттин конституциядагы негизги функциясы  мыйзамдарды иштеп чыгуу, кабыл алуу. Биздин депутаттар мыйзамдан башка саясий жана популизмге окшогон маселелерди деле карап отурушат. Мыйзам долбоорлорунун 90 пайызын өкмөт даярдайт. Тигил же бул маанилүү учурдагы мыйзамдарга гана депутаттар  демилгечи болот. Эл кайсы депутат кандай  иштеп жатканын көрүп, билип  турганы үчүн парламенттин кадыры кетип жатабы деген ойдомун.

--Парламенттик системанын пайдасынан зыяны көбүрөөк болдубу?

--Парламенттик системанын пайдалуу, жакшы жактары деле бар. Жаман жагы кабыл алган чечими үчүн эч кимиси жооп бербейт. Кайсы бир маселеде депутаттар туура добуш бердиби же жокпу деп аларга укуктук да, саясий да баа бере турган эч ким жок. Ушул жагын таразага койгондо жоопкерчилик жок болуп, таразанын ташы ушул жагына оодарып кетип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости