www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл районунун Бостери айылында эки жаран белгисиз адамдар тарабынан сабалды. Бул тууралуу облустук милицияны маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 20-апрелде болжол менен саат 22:00 чамасында Ысык-Көл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Бостери айылынын 1987-жылы туулган тургуну Н.С. аттуу жаран сабалып, ооруканага жеткирилгени айтылган.

Териштирүү ишинде сабалган жаранды Бостери айылынан белгисиз бирөөлөр сабап кеткени аныкталган.

"Эки адам сабалган. Бирине амбулатордук жардам көрсөтүлсө, экинчиси учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө кызматы шектүүлөрдүн аты-жөнүн аныктоо иштерин жүргүзүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости