www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана күчөтүлгөн даярдык режиминде ыкчам мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамынын 4-беренесине (Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер) жана 21-беренесине (Түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алуулар) айрым өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости