www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмоновдун пикиринде, Жогорку Кеңеш 16-октябрдагы жыйынына Сооронбай Жээнбековду чакырып, анын пикирин угушу керек. Коомдук ишмер бул тууралуу 15-октябрда "Азаттык" менен болгон маегинде айтты.
"Процедура боюнча Жогорку Кеңеш Жээнбековдун отставкасын кабыл алышы керек. Парламент жыйынына президентти чакырып, ал канчалык чын ыкласынан, өз каалоосу менен кетип жатканын сураш керек. Парламент анын отставкасын кабыл албай коёт деген жобо жок" - деген Осмонов.
15-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда президент кызматтан кеткенин, парламент төрагасы мамлекет башчынын милдетин аткаруудан баш тартканы тууралуу арыз жазып бергенин жарыялады. Учурда Ала-Арча резиденциясында президенттин тагдыры Жогорку Кеңеш тарабынан каралат.