www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 4-ноябрда Бишкек шаарында маалымат жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө Зулушев берилген суроолордун бардыгына кыргыз тилинде жооп берип жатты. Жыйынга келгендердин бири "Эмне үчүн суроолорго кыргыз тилинде гана жооп берип жатасыз?" деген суроо берди. Бул суроого ал буга чейин орус тилинде окуп, жазып келгенин бирок мамлекеттик тил бардыгынан ыйык, бийик турарын айтып жооп берди.
«Туура түшүнүңүздөр менин расмий же башка тилди кемсинтейин деген оюм жок. Расмий тилде ушул күнгө чейин сүйлөп, жазып келдим. Ар бир адамдын максаты болот. Мамлекеттик тил бардыгынанан ыйык, бийик. Кайсы мамлекет болбосун өзүнүн тилин, каада-салтын сыйлап, урматташ керек. Ошол эле учурда мамлекетте жашаган башка улуттагы элдер да мамлекеттик тилди билиши керек. Мен бардыгыңыздарга ийгилик каалап, силерден да мамлекеттик тилде сүйлөшүңөрдү суранат элем», - деди Зулушев.
Булак: NazarNews.kg