www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурор Курманкул Зулушев тез аранын ичинде бир катар кодекстерге өзгөртүү киргизүү керектигин маалымат жыйында айтты.
Айтымында, айрым мыйзамдар иштөөгө тоскоолдук жаратып, кээ бир учурда бири-бирине каршы иштейт.
* Мыйзамга өзгөртүү киргизүү, тагыраагы, тергөөнүн мөөнөтүнө чектөө киргизүү. Мисалы бир эле тергөөчүдө 500дөй иш бар. Бул физикалык жактан мүмкүн эмес, ал эми жабырлануучу укугум корголот деп күтүп жүрө берет.
* Бүгүнкү күндө кылмыш жасаган жаран административдик жана эркинен ажыратуу жоопкерчилигине тартылат. Бир кылмыш үчүн эки жазага тартыуу - укуктун бузулушу. Биз бул маселени карап чыгабыз. Тез арада 2-3 кодекске өзгөртүү киргизишибиз керек.
* Жарандардын кайрылууларын кечиктирбестен карап чыгуу. Учурда электрондук кат алмашуу ситеми кирген. Муну менен арыз, даттануулардын өз убагында каралышын камсыздайбыз. Мындан тышкары ар аптанын жума күндөрү жеке өзүм жарандарды кабыл алам. Биз коомго ачык мекеме болобуз.- деди Зулушев.
Булак: NazarNews.kg