www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Учурдагы кодекстерди иш жүзүндө колдонууда бир катар кыйынчылыктар келип чыккан", - деп бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Башкы прокурор кодекстердеги кемчиликтерди жоюу максатында атайын эксперттик топ түзүлгөнүн белгиледи. Эксперттик топ кодекстердин жаңы редакциясын иштеп чыккан. Ал сунуш кылынган мыйзамдар менен кодекстердин долбоорлору жөнүндө айтып берди.

"Азыркы кодекстер жазаларды тутумдаштырат деп болжолдонгон, бирок иш жүзүндө бардыгы тескерисинче болуп калды, кылмыштардын айрым түрлөрү үчүн жазалар күчөтүлгөн. Мисалы, өзүнчө беренелер боюнча, соттор мурда соттолбогон жаш жигиттерди түрмөгө камоого аргасыз болушкан, анткени бир жаза 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө каралган. Сунуш кылынган кодекстердин долбоорлору укук колдонуу практикасын, акыйкаттык принцибин эске алуу менен иштелип чыкты", - деди Зулушев.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен, азыркы Кылмыш-жаза кодекси күчүн жогото турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости