www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында жүргүзүлүп жаткан иштер күчөтүлөт. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 4-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.
«Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда орун алган коррупциялык схемалар аныкталып, аларды толук жоюуга аракеттер жумшалат. Ошону менен бирге ченемдик фактыларга карата коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүлөт. Социалдык тармактарда, эл арасында айтылып жаткан бажы, салык, медицина, лицензиялоо, курулуш ж.б тармактарга текшерүүлөр уюштурулат»,-деди Зулушев.
Ошондой эле ал коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу үчүн бөлүнгөн каражаттардын жана мамлекетке келип түшкөн гуманитардык жардамдардын максаттуу пайланышын текшерүүгө алуу да күчөтүлө турганын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg