www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Онтолоп, ынтыгып сүйлөгөн бир окумуштуу сөөрөй бар Зайнидин Курманов деген. Кайсыл маалыматтан сүйлөбөсүн тилин чайнап эле өзүбүздү өргө сүйрөбөй, дайыма өзөртө чабууга кылыктанат. Өткөндө бир орус басылмасына кыйын болуп бакылдаптыр. Тимеле “обонун” созсо көк түтүн чыгат буралып. Көрсө азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатына, алган багытына ичи чыкпаганын билдириптир.

Мейли, кадр жылдыруу маселесинде алешемдиктер бар экенин тана албайбыз. Чийки кадрлардын чоң кызматтарга келишинен коомчулукта ар кандай көз караштар болуп жатканы калп эмес. Мамлекет болгон соң кемчиликтер кетери турган иш. Бирок, өзү илгери ЖКны башкарып турганда кандай демилге көтөрүүгө жарады эле? Сулк жаткан төөгө окшоп эле жогортон келген тапшырманы аткарууга делдеңдеп чуркап жүргөнүн эсинен чыгарып койдубу? Бир куурайдын башын сындырганын айта алабы? Болгону кошомат кылуунун төрүндө жүргөнү калды элдин эсинде. Бакиевдердин чачпагын колуна кармап алып чала-була бакылдаганын көргөн жайыбыз бар. Анан ыңкылап болгондо Россиядан бүжүрөп араң келген кыргызстанга корголоп. Эгерде керектүү киши болсо тигилер менен кошо жүрмөк Минскиде. Чамасы башы кенен батып калган шекилди, үнү чыгып калыптыр.

Анан да көчмөндөр оюндары тууралуу пикирин айтыптыр кыйраткансып. Анын кебине ишенсек көчмөндөр оюндары сөз кылууга арзыбаган демилге имиш. Биздин спортчулар чындап келсе чүкө ойноодон гана мелдештин жеңүүчүсү болоруна көзү жетиптир. Калган оюндардан башка жактагы өткөрүлгөн мелдештерге барса эң арткы орунда калышмак деп кыт-кыт күлөт баччагар! Чет жактарга барып кыргыздын туусун желбиреткен спортчулар буга таасирлүү эмес окшойт. Деги бул профессордун шакирттери барбы, жаштарды кантип мекенчил болууга үндөйт болду экен деген суроо туулат. Буга окшогон сынчылардын сыңар өтүгү майрык болорун билип жүрүшүбүз мезгилдин талабы десек ашыкча болбойт. Өзүнүн элине, мамлекетине күйбөгөн кишиден жакшылык күтүүгө болбойт. Ал бизге жат адам сыяктуу, же натуурабы?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости