www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таш-Дөбөдөгү Курортология институтунда азыркы учурда пневмония менен ооругандарды жаткыруу үчүн бош орундар жок. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Марат Сагымбаев билдирди.
Эске сала кетсек, өкмөт пневмония менен ооругандар үчүн кошумча керебеттер келген ооруканалардын тизмесин жарыялаган болчу. Дал ушул тизмеде аталган оорукана дагы бар, анда 120 кошумча орун бар деп жазылган. Өкмөт орундардын жетиштүү экендигине ишендирүүдө.
Ал эми директордун айтканы боюнча, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Институтта 110 гана керебет бар, алардын бардыгы бош эмес.
"Бейтапка даараткана, суу, шарт керек. Коридордун аягында бизде бир эле даараткана бар болчу, мындан улам көптөгөн бейтаптар менчик клиникага кетип калышчу. Биз жетекчиликке бейтаптар үчүн эч кандай шарт түзө албай жатканыбызды билдирип келгенбиз. Ошондуктан 110дон ашык керебет сунуштай албайбыз", - деди институттун директору.
Сагынбаевдин айтымында, алардын дагы алты бөлүмү бар, бирок алар биринчи жана экинчи топтогу майыптар үчүн борбор болуп саналат. Аларды көчөгө чыгарып сала алышпайт.
Булак: NazarNews.kg