www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Бухара облусундагы полиция кызматкерлери курсагында жаткан баласын 5 миң долларга сатуу учурунда кош бойлуу аялды кармашты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 4 айлык боюнда бар болгон кыз, каржылык абалы оор болгондуктан, курсактагы баласын сатууну көздөгөн.
--"Бухара облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, жаран баласы үчүн алдын ала төлөм 20 миллион сум (2 миң долларга жакын) жана 500 доллар алып жаткан жеринен кармалган", - деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча "18 жашка чейинки адамдарды сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, алдын ала тергөө амалдары жүрүп жатат. Ушул берененин санкцияларында сегиз жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg