www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Орукту айыл өкмөтүнө караштуу 50гектар жерди мыйзамсыз менчиктештирип алган. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Кубанычбек Турдалиев атту жаран билдирди.
Анын айтымында, Исхак Пирматов Ал-Бука районунун Орукту айыл өкмөтүнө караштуу 50гектар жерди менчиктештирип, шабдалы, гиляс бак кылып алган.
Белгилей кетсек, УКМК парламенттин депутаты Исхак Пирматовго каршы козголгон кылмыш ишин кайрадан козгон.
Эске салсак, 2012-жылы Башкы прокуратура «Кыргызнефтегаз» ААКда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган компанияны Исхак Пирматов жетектеп келген.
2009-2010-жылдын биринчи кварталында «Кыргызмунайгаз» ААКтын жетекчилиги мунай продукциясын туунду юридикалык жана жеке жактар менен камсыздоо боюнча атайылап пайдасыз келишимдерди түзүп, «Кыргызмунай» ЖЧКсынын кызматкерлери менен макулдашып, акыркы мунай продуктыларын арзан баада сатканы маалым болгон. Ошол убакта келтирилген зыяндын саны 100 миллион сомдон ашык болгону белгиленген.
Бирок, 2014-жылы тергөө иштери токтотулган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg