www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финляндиянын Хелсинки шаарында “киши эти” даамданган тез татым тамагы жасалды. Элдер анын даамын татуу үчүн атайын келишип, жеп көрүүдө. Бул тууралуу Известия гезити жазып чыккан.

Аталган тамакты саткан атайын машина "Тирүү арбак" ("Ходящие мертвецы") сериялынын промокампаниясынын алкагында иштеген. Бургерди жасаган адам Лондондогу белгилүү ашпозчу Том Вулф. Ал убагында  Дженнифер Лопес, Сара Джесика Паркер жана Джонни Депптин жеке ашпозчусу болгон.

Бул рецепти даярдоо үчүн Том Вулф мурда чындап адам этин татып көргөн кишинин айткандары боюнча аракет кылган.

"Кишинин эти" деп жасалган азыктын курамында уй, чочконун эти менен тооктун боору колдонулган. Мындай этти жегендердин айрымдары анын даамын чочконун этине, кээси тунец балыгына окшоштурушкан.
Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости