www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Бишкек шаардык сотунда ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралды.
Буга чейин адвокаттар камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасына арызданышкан.
Сот арызды карап, милициянын мурдагы кызматкерин үй камагына чыгарды.
Бир күн мурун дагы бир кылмыш иши боюнча - Октябрь окуясы боюнча анын баш коргоо чарасы камактан үй камагына өзгөртүлгөн.
Эске салсак, 2021-жылдын сентябрында ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» ЖАК АКБнын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган. Бул ишке экс-президент Алмазбек Атамбаев менен депутат Жанар Акаевдин да тиешеси бар экени белгилүү болгон. Социалдык тармакта Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиотасма тарап, аудио жазууга жазылган жазууда Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти курал колдонуп басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жаздырылдган. Министрдин мурдагы орун басары 50-СИЗОго, ал эми Алмаз Сарыбаев Бишкектеги 1-СИЗОго камалды.
Булак: NazarNews.kg