www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кендерди 100 пайыз иштетүүгө күчүбүз жетпейт», деди бүгүн, 3-февралда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.

- Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү ири кендерди ата мекендик компаниялар иштете турганын билдирди. Ал үчүн «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» мамлекеттик ишканасын түзүшүптүр. Эми сөздөн ишке өтүп, өзүбүз кен каза алабызбы?

- Кендерди 100 пайыз иштетүүгө күчүбүз жетпейт. Кыргызстан ага даяр эмес. Ошон үчүн аны популизм десек да болот. Кендерди иштетүү үчүн бүткүл дүйнөлүк конкурс анан аукцион жарыяланышы керек. Кыргыз мамлекетинин кендерди иштетүүдөгү негизги милдети экологиялык мыйзамдарды толук аткартуу болушу керек. Аны ким иштеткени маанилүү эмес.

Эң негизгиси кендерди кыргыздын шартын аткарганына беришибиз керек. Бирок, өзүбүз казабыз десек, көп тобокелчиликтерге кабылабыз. Бизде кен каза турган каражатыбыз да, жоопкерчилигибиз да жок. Кен казабыз деп атып, коррупцияга малынып калышыбыз да мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости