www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова маалымдады.
Анын айтымында, Асановду үй камагына чыгаруу боюнча прокурор сотко өтүнүч келтирген. Мамлекеттик айыптоочунун суранычы канааттандырылып, Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө абагынан бошотулду.
Белгилей кетсек, буга чейин Биринчи май райондук соту аны 10-декабрга чейин камакта болсун деп чечим чыгарып, бул өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
Эске салсак, Асанов Бишкекте 6-октябрда болгон башаламандыкты иликтөөнүн алкагында козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. УКМКдан ал массалык башаламандыкты активдүү уюштургандардын бири болгон деп эсептелип жаткандыгын айтышкан.
Булак: NazarNews.kg