www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда саясатчы Курсан Асанов, ошондой эле, анын уулу, өкүл баласы жана айдоочусуна козголгон кылмыш иши каралууда.

Сот процессине судья Адылбек Эсенбаев төрагалык кылып жатат.

Отурумда мамлекеттик айыптоочу бардык айыптоочуларды күнөөлүү деп табууну, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу айыпталуучуларды жазадан бошотууну суранды.

Окуя тууралуу:

2019-жылы 13-августта Курсан Асанов милициянын кызыкчылыгын сатып, ишенимден кетти деген негизде ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган. Андан соң Аскер прокуратурасы кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, Курсановду камакка алган. Ошондой эле, Курсановдун айдоочусу — милиция кызматкери Дамирбек Пайзылда уулу, өкүл баласы, «Чындык» гезитинин мурдагы башкы редактору — учурдагы «Учкун» мамлекеттик типографиясынын директорунун орун басары Турсунбек Бейшенбеков кармалган. Курсановдун уулу Мухаммед-Али Асанов издөөгө жарыяланган.

Бул окуялар 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү окуялардан кийин болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости