www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темирбек Асанбеков социалдык тармактагы кайрылуусунда өзүнүн саясий жана коомдук ишмердүүлүгүнө токтолуп, «Мекен – Ынтымагы» саясий уюмун негиздегенине 16 жыл болгонун белгиледи. Ал партиялаштарына ыраазычылык билдирип, өткөн саясий жолунда кетирилген кемчиликтер үчүн айрымдардан кечирим сурады. Ошондой эле жаш саясатчыларды даярдоо, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана өлкөнүн өнүгүүсүнө билимдүү жаштарды тартуу зарылдыгын белгиледи.

Минтип, булуттан чыккан айга окшоп пайда боло калганына караганда, шайлоонун илеби ура баштады көрүнөт. Дегенибиз, акыркы беш жылда эмне деген гана окуялар болгон жок. Деле бир үн катпай, ың-жыңы билинбей кетти. Анан эле куттуктоо айтып, каалоо-тилек билдирип, мурдагы каталары үчүн кечирим сурап, шайлоо жакындаганда келгин куштай пайда боло калганы кызык.

Сыягы, ар дайым президенттик шайлоого катыша берип жадабаган “курту ойгонуп” жатат өңдөнөт.

Последние новости