www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 31-мартта КСДПнын курултайы болуп өттү. Курултайга КСДПга эң мыкты кызмат кылгандар, Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов чакырылбай калган. Айрым такталбаган маалыматтарга таянсак, аталган Курултайга ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров дагы чакырылбай тизмеден чийилген.
Баса, Кыргызстанга аттын кашкасындай белгилүү болгон, Раим Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Матраимов:-Мени съездге чакырышкан жок. Эмнеге экени түшүнүксүз. Менимче, Алмазбек Шаршеновичти жанындагылар атайын адаштырып жатышат. Болбосо парламенттик шайлоодо КСДПга Кара-Суудан 45 миң добуш алып бергем. Жергиликтүү шайлоолордо да КСДПга эң көп добуш топтогонбуз, деп Азаттыка маек берген.
Булак: NazarNews.kg