www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан “Абрис-Гранд” ЖЧКсынын бир катар мыйзам бузуулары аныкталды.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча “Абрис-Гранд” ЖЧКсынын лицензиясы жокко чыгарылды. Мындан тышкары, компаниянын архитектору А.У.нун квалификациялык сертификаттары жокко чыгарылды.

«Аныкталган бир катар олуттуу мыйзам бузууларга байланыштуу министрлик аталган субъекттердин ишин жараксыз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербейт деп тааныйт», - дейт Курулуш министрлиги.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Абрис-Гранд» ЖЧКсынын жетекчиси жана ээси Усов Александр Сергеевич болуп саналат.

Последние новости