www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Go Viral Festival 2026 өтүүдө

Бишкекте жаштарды, ишкерлерди жана креативдүү индустрия өкүлдөрүн бириктирген Go Viral Festival 2026 өтүүдө.

Иш-чара бүгүн, 12-августта, Борбордук Азиядагы Америка университетинде (АУЦА) уюштурулуп жатат.

Фестивалды IDEA Central Asia Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө өткөрүүдө.

Иш-чарага Казакстандагы АКШнын дипломатиялык миссиясы каржылык колдоо көрсөтүүдө.

Фестивалга Борбор Азия өлкөлөрүнөн жаш лидерлер, ишкерлер, технологиялык компаниялардын, креативдүү индустриялардын, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик сектордун өкүлдөрү катышууда.

Программада бизнес, технология, инновация, медиа жана креативдүү экономика боюнча панелдик талкуулар, мастер-класстар жана интерактивдүү сессиялар каралган.

Ошондой эле Innovation Expo көргөзмөсүндө стартаптар, инновациялык долбоорлор жана технологиялык чечимдер сунушталууда.

Музыкалык программада Бегиш, Каныкей, Руслан Айдар, Шухрат Якубов, Turan жана YRKOR ансамблдери, ошондой эле DJ Padre жана DJ Aiko өнөр көрсөтөт.

Последние новости