www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.
Документке бүгүн, 12-августта, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде өткөн жолугушуунун жыйынтыгында кол коюлган.
Ага Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев менен Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли катышты.
Келишим Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда эл аралык автомобиль ташууларды жүргүзүүгө жана эки өлкөнүн аймактары аркылуу транзиттик ташууларды уюштурууга укуктук негиз түзөт.
Министрликтин маалыматына караганда, жаңы келишим транспорттук кызматташтыкты кеңейтүүгө, соода-экономикалык байланыштарды, бизнести жана туризмди өнүктүрүүгө, ошондой эле жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.
Мындан ары эки өлкөнүн ортосунда автомобиль транспортун өнүктүрүү жана транспорттук кызматташтыкты өз ара пайдалуу негизде кеңейтүү күтүлүүдө.