www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк төлөм уюмдарына 28 айып пул салды

Кыргызстанда жыл башынан бери төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата 17 инспектордук текшерүү жүргүзүлдү.

Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, 2026-жылдын 4-августуна чейин төлөм системалары боюнча 5 коммерциялык банктын инспектордук текшерүүсүнө да катышуу болгон.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына 149 жазма буйрук жөнөтүлүп, жалпы суммасы 1 млн 540 миң сом болгон 28 айып пул салынган.

Мындан тышкары, төлөм системаларынын оператору жана төлөм уюму катары иш жүргүзгөн 4 юридикалык жактын лицензиясы кайтарылып алынган.

Ошондой эле төлөм системасына тышкы көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында Улуттук банктын ченемдик талаптарын бузгандыгы үчүн операторлорго жана төлөм уюмдарына 48, ал эми коммерциялык банктарга 2 жазма буйрук берилген.

Бул багытта төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына жалпы суммасы 275 миң сом болгон 5 айып пул салынган.

Последние новости