www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкек шаарынын Майрам көчөсү 62 дарегинде жайгашкан 3–4 кабаттуу турак жай комплексинде өрт кырсыгы катталды.

Өрт чыккан объектке байланыштуу Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлдү. Алдын ала маалыматка ылайык, имараттын чатыры күйгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин аткарып жаткан “Атрий” ЖЧКсына коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Компанияга курулуш өндүрүшүн уюштуруу, өрт коопсуздугу, техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо нормаларын так сактоо боюнча талап коюлду.

Учурда өрттүн жалпы аянты жана келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Ошондой эле объект боюнча инженердик-техникалык экспертизанын жана Өрт коопсуздугу кызматынын корутундулары алынары белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги курулуш объектилериндеги коопсуздук талаптарын көзөмөлдөө күчөтүлөрүн билдирип, бардык курулуш компанияларын белгиленген техникалык жана өрт коопсуздугу ченемдерин так сактоого чакырды.

Последние новости