www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Республикасына жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев Өзбекстан Президентине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров атынан жылуу салам жолдоп, Кыргызстан Өзбекстан менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи.

Ал Ташкент инвестициялык эл аралык форуму аймактагы инвестициялык кызматташтыктын маанилүү аянтчасына айланып, бизнес чөйрөлөрү жана эл аралык өнөктөштөр үчүн жаңы байланыштарды түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын айтты.

Бул аракеттер Борбор Азияда туруктуу өнүгүүгө багытталган биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланып, биргелешкен долбоорлор жана демилгелер активдүү ишке ашырылып жатканы белгиленди. Ошондой эле аймактар аралык кызматташуу да ырааттуу өнүгүп жатканы айтылды.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жыл ичинде эки тараптуу жогорку деңгээлдеги сапарлар жана көп тараптуу иш-чаралар пландалганы, алардын алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлары белгиленди.

Кыргыз тарап бул иш-чараларды уюштурууга активдүү даярдыктарды көрүп жатканы кошумчаланды.

Жолугушуу Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун алкагында өттү.

Последние новости