www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине Бишкек шаарындагы курулушу аяктай элек көп кабаттуу имараттын үстүнө жаш өспүрүмдөр чыгып алгандыгы боюнча видео кайрылуу келип түшкөн.

Аталган объект боюнча министрлик төмөнкүлөрдү маалымдайт:

Курулуш объекти борбор калаанын Жал-23 кичи районундагы Курчатов көчөсү 5г дарегинде жайгашкан. Көп кабаттуу турак үйдүн курулушу “Строительный Атлант Холдинг” ЖЧКсынын каржылык кыйынчылыктарына байланыштуу 6 жылдан ашык токтоп турат. Объект курулуш нормаларына ылайык тосмолор менен курчалганына карабастан, жаш өспүрүмдөр тарабынан уруксатсыз кирүү фактысы катталды.

Бүгүнкү күндө министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан коопсуздук чараларын күчөтүү, объектти тийиштүү деңгээлде кайтарууну камсыз кылуу жана кошумча чектөө механизмдерин орнотуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, курулуш объекттерине уруксатсыз кирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кооптуу аракет болуп эсептелет жана жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратат.

Курулуш министрлиги ата-энелерди жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүн балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Мектеп окуучуларына курулуш объекттери сыяктуу кооптуу аймактарга кирүүгө тыюу салынгандыгын түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүү зарыл.

Последние новости