www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министрлигинин тармакты модернизациялоо боюнча реформасынын алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу максатында тепловизиондук контролдоо иштери жүргүзүлөт.
2026-жылдын өндүрүштүк планына ылайык, жалпы 59 көмөк чордондо жана 231,54 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында тепловизиондук көзөмөл жүргүзүлөт.
Атап айтканда, ишкананын обочолоо жана аша чыңалуудан коргоо кызматы (ОАКСЖК) тарабынан төмөнкү объектилер текшерилет:
• 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор — 59 даана;
• 110 кВ аба чубалгылары: “АГЭС–Үгүт”, “Ак-Кыя–АГЭС”, “Үгүт–Ала-Буга”, “Ала-Буга–Макмал” жана “Макмал–Жетиген” — жалпы 231,54 чакырым.
Тепловизиондук көзөмөл атайын аппараттын жардамы менен жүргүзүлүп, көмөк чордондордун жана башка электр жабдууларынын иштөө учурундагы температуралык абалын аныктоого багытталган. Бул ыкма жашыруун кемчиликтерди, байланыштардын начарлашын жана ашыкча ысып кетүүлөрдү эрте баскычта аныктоого мүмкүндүк берет.
Текшерүүлөр кыдырып кароо ыкмасы менен, негизинен түнкү убакта жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында аныкталган мүчүлүштүктөр ыкчам түрдө жоюлуп, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыз кылууга шарт түзүлөт.
Заманбап технологияларды колдонуу аркылуу энергетика тармагын өнүктүрүүгө жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.