www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жер мыйзамдарынын бузууларын аныктоонун алкагында 3,6 млрд сомдук зыян мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөөдө прокуратура органдары тарабынан мыйзам бузууларды аныктоо жана жоюу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Жалпысынан 3 277 мыйзам бузуу аныкталып, 103 кылмыш иши козголгон.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтурулуп, мыйзамсыз пайдаланууга берилген жер тилкелери мамлекеттин карамагына кайтарылган.
Мыйзам бузууларга жол берген 143 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. 13 кызматкерге айып пул салынган.