www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Японияда куш тумоосу жайылып жаткандыгына байланыштуу Аомори префектурасында 230 миңден ашуун тоок жок кылынды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышты.
Бул аймакта 32 канаттуулар фабрикасынын айланасында 10 км радиуста карантиндик зона киргизилди.
Адистердин айтымында, жайылып жаткан бул оору олуттуу экономикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Маселен, 2023-жылы куш тумоосунун толкунунан улам тооктор массалык түрдө жок кылынып, жумуртканын баасы 1991-жылдан берки эң жогорку деңгээлге жеткен. Чекене баада жумуртканын наркы өткөн жылга салыштырмалуу 76 пайызга өскөн. Айрым супермаркеттерде сатып алуучулар үчүн жумуртканын санына чектөөлөр да киргизилген.