www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20 жана 21-апрелде "Евразия" соода борборуна бомба коюлганы тууралуу атайылап жалган маалымат берүүгө шектүү Ж.У.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү изин жашыруу үчүн Telegram каналдарынан башка адамдардын атына катталган SIM-карталарды жана аккаунттарды сатып алып турган.
Тергөөдө аныкталгандай, кармалган жаран мындай кылмышка укук коргоо органдарынын реакциясын текшерип көрүү кызыгуусунан улам барган.
УКМК террордук акт тууралуу атайылап жалган билдирүү мыйзамга ылайык оор кылмыш болуп эсептелерин жана кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Ошондой эле жарандарды сак болууга чакырып, эч кандай шартта өздөрүнүн жеке маалыматтарын жана SIM-карталарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат.