www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки жарым жылдан бери толук президенттик башкаруу астында жашап жатабыз. Президенттик башкаруу болсо эле, бир адам бүтүндөй жоопкерчиликти алып, өлкө гүлдөйт деген убада, логика учурда канчалык өз жемишин берүүдө?.. 

Көзгө көрүнгөнү өкмөт үйү сырдалып оңолду. Жаңы парктар курулуп жатат. Ар жерде бир канча капсула салынды. Азырынча өнүп чыкканы аз. Бүткөнү ушул, 1 миллион сомдук туалетке окшогон аялдама курулду. Аны да кайра аэропорттун шамалга кулаган дубалындай бузуп салышты. Президентибиз болсо ээн-эркин эл аралап жүрөт… Айтор, 30 жылда мындай боло элек эле. 

Буюрса, алдыда сыртка эшелон-эшелон болуп жөнөтүп жаткан жаштардын агымын токтото турган завод-фабрикалар дагы курулат деп үмүт кылып туралы. 

Ага дейре канчалык жийиркеничтүү болсо да, "кусунду" менен жан сактап, жокко чөкпөйлү. Эң кур дегенде кустуруу механизми токтоп калбай иштеп турса, жоктон көрө жогору дегендей, эл кусундуга деле ыраазы... 

2020-жылдын октябрь айында айтылган: "2 айдан кийин жаңы система киргизебиз! 2 ай! Андан ашпайбыз! Биз 2-5-10 жыл деп күтпөйбүз! Реформаны 2 айда бүтүрөбүз!",- деген...убадалар акыры аманчылык болсо, кустуруу реформасынын артынан ишке ашса керек. Сабырдын түбү сары алтын...

Жеп-ичкендерди "төлөтүп алуу", "кайтарып алуу" деген сөздөрүнүн ордуна, "кустуруу", "кустрация" деген кандай кулакка жагымдуу угулат. Кусундуну ит ичпейт... 

Ошентсе да , президенттин: "Коррупционер, ууруларды камап койгондо эмне пайда? Мамлекетке эле чыгым келет. Андан көрөкчө, кустуралы! Жедиңби? Жегениңди 2-3 эсе кустурабыз. Биз камоо жолу эмес, Кустуруу жолу менен кетип баратабыз!", - деген сөзү элге кандай дем берет?

Өмүрбек Суваналиев айткандай, азырынча болгону 50 киши кусуптур. Элүү кишинин эле "кусундусуна" ыраазы болгондор, өлкөнүн өнүгүп жатканын "кусундунун" жыты аркылуу сезишип "кусундуга мас"... Мындай болобу?.. Чындап, 30 жылда болбогон...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости