www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Коргоо министри алдыда күтүлүп жаткан кыйроо туурасында эскертти.
КЭРдин Коргоо министри Ли Шанфу «АКШ менен болгон мамиледе кыйроо болушу мүмкүндүгүн» эскертти.
Reuters агенттиги жыл сайын өткөрүлүп келген коопсуздук боюнча «Шангри-Ла диалогу» азиялык саммитинде Кытай коргоо министри Ли Шанфунун «Кытай менен АКШнын ортосундагы чатак бүткүл дүйнө үчүн «чыдагыс кыйроого» айланат» деген сөзүн келтирген.
«Кытай менен АКШнын ортосундагы олуттуу чатак жалпы дүйнө жүзү үчүн чыдагыс кыйроого айланаарын жокко чыгарбаш керек»-деп билдирди министр.
Линин белгилөөсүндө «Эки мамлекет көп жагынан айырмаланып турганына карабастан Кытай «АКШ менен чырдашпай, сүйлөшүүлөрдү» туура көрөт. Бирок, бул эки тараптын кызматташтыгын тереңдетүү жана байланыштарын өнүктүрүүдөгү жалпы кызыкчылыктардын кошулуу чекитин издөөдө эки тарапка тең тоскоол болбошу керек».
Кытай менен АКШ чогуу өнүгүшү үчүн дүйнө айтаарлык эле кенен деген оюн да министр кошумчалаган.
Өткөн жуманын ишемби күнү Тайвань куймасында кытайлык жана америкалык аскер кемелеринин ортосунда тирешүү болуп өткөн. АКШ Аскер деңиз флотунан билдиришкендей «КЭРдин аскер кемеси USS Chung-Hoon аталышындагы америкалык аскер кемесине 150 метр жакын аралыкта кооптуу маневр жасап өткөн. Натыйжада америкалык кеме багытын өзгөртүү менен ылдамдыкта сүзүп кетүүгө аргасыз болгон».
Акыркы учурларда Кытай менен АКШнын ортосундагы мамиле Тайвандагы кырдаалга байланыштуу жана Түштүк-Кытай деңизиндеги аймактык чыр-чатактардан улам татаалдашып кеткен. Андан тышкары Джо Байдендин жарым өткөргүчтөр микросхемасын Кытайга экспорттоого чектөө киргизип койгону да буга башкы себептерден.
Булак: NazarNews.kg